АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер Орусиянын 2016-жылдагы Америкадагы шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү боюнча иликтөөнү 1-сентябрга чейин бүтүрөт. Бул тууралуу "New York Times" гезитине президент Дональд Трамптын юристи Рудольф Жулиани айтты. Мюллер "АКШнын президенти шайлоодогу “Орусиянын кийлигишүүсүн изилдөөгө” тоскоол болгонбу же жокпу?" деген маселе боюнча да жыйынтыгын чыгарышы керек.
"New York Times" апрелдин акырында Мюллер Трамптын адвокаттарына Орусиянын 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү боюнча 40 суроо менен кайрылганын кабарлаган.
Мюллер Трамптын шайлоо штабы Демократиялык партиядан көрсөтүлгөн атаандашы Хиллари Клинтондун дараметин азайтыш үчүн Кремл менен сүйлөшүүгө барган-барбаганын изилдеп жатат.