Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Футболчулар аралашкан мушташты милиция иликтей баштады


Мушташ тартылган тасмадан көрүнүш.
Мушташ тартылган тасмадан көрүнүш.

"Алай" жана "Алга" футбол командаларынын беттешинен кийинки мушташты Чүйдүн Ысык-Ата райондук милициясы иликтей баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын башчысы Семетей Султанов да окуянын чоо-жайын Дисциплинардык комитетет тактоого киришкенин айтты.

Жаңжалга эмне себеп болгону тууралуу так маалымат жок. Социалдык тармакта бул мушташ эки команданын ортосундагы көрө албастык жана бөлүнүү катары сыпатталууда.

Оштун "Алай" жана Бишкектин "Алга" командаларынын оюнчуларынын ортосундагы мушташ экени айтылган видео Интернетке 20-майда тарады. Ондогон кишилердин жапырт жаңжалы Канттагы футбол аянтынын жанында эки клубдун беттешинен соң болгон.

Тасмада "Алай" командасынын сары футболкачан оюнчуларын, "Алганын" кызыл футболкачан күйөрмандарын жана башка футбол фанаттарын көрүүгө болот.

Бишкектен "Алганын" 35 күйөрманы кызыл футболка менен беттешти көрүүгө Кантка барганын, мушташта кызыл кийимчен эки эле жигит болгонун аталган клубдун басма сөз катчысы Адилет Аалыев тастыктады.

Расмий бышыктала элек кабарларга караганда, белгисиз кишилер кийим алмаштыруучу жайда "Алайдын" чабуулчусу Алиа Силланы сабап коюп, ошондон улам жаңжал тутанган.

Анын алдында Силла атаандаш тайпадагы оюнчу менен тиреше кетип, кол көтөргөн жана оюндан чыгарылган. Ошол учур тартылган видео бир күндөн соң "Алга" клубунун "YouTube" баракчасына жайгаштырылды.

Ал эми "Фейсбуктагы" "Футбол ааламы" тайпасына "Алай" клубунун оюнчусу Шухрат Рахмоновдун мурду канжалаган, Алия Силланын бети шишиген сүрөттөрү жарыяланды.

"Алайдын" басма сөз кызматы окуя иликтенгенден соң комментарий берилерин кабарлады.

"Алай" Ош шаарынын, "Алга" Бишкек шаарынын клубу. (SE)

XS
SM
MD
LG