Польшанын мурдагы президенти жана антикоммунисттик "Тилектештик" кыймылынын лидери Лех Валенса дүйшөмбү күнү бир айдан бери парламентте отуруп алып, нааразылык акциясын өткөрүп жаткан майып балдарга жолукту.
Экс-президент аларга колдоосун билдирип, бийликтеги «Укук жана адилеттик» партиясынын чечимин сынга алды.
Арабада отурган бир канча бала жана алардын ата-энелери мамлекеттен көбүрөөк жардам алууну талап кылышууда. Акцияга катышкандардын саны аз болгону менен алардын талабы маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып, бийлик партиясынын "баш оорусуна" айланган.
Өкмөттү көп сындаган мурдагы президент Лех Валенса акциянын катышуучуларына дүйшөмбү күнү эртең менен кошулуп, алар менен бир сааттай болду. "Сиздер чакырдыңыздар эле, мен келдим. Мен да сиздердин күрөшкө өз салымымды кошкум келди" деди Лех Валенса.
Бийликтеги «Укук жана адилеттик» партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жакырларга жана коомдун аялуу катмарына жардам берүү убадасы менен утуп, бийликке келген. Азыр алар "майыптарга таш боор мамиле кылып жатат" деген сынга кабылууда.
Президент, премьер-министр жана социалдык саясат министри акциянын катышуучуларына келип, алардын айрым талаптарын аткарган, бирок бардык сурагандарын жасоо мүмкүн эмес экенин белгилешкен.
Үй-бүлөсү мамлекеттен жардам алган майыптар өкмөт аларга кошумча дагы 115 доллар төлөп беришин талап кылууда.