Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Британияда медианы тескөөчү мекеме RT боюнча иликтөө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын жалпыга маалымдоо каражаттарын тескеген "Ofcom" мекемеси орусиялык мамлекеттик "Russia Today" телеканалы боюнча үч иликтөө баштады. Алар апрель айынын аягында, майдын башында даярдалган бир канча жаңылыктар берүүсүнө байланыштуу жүрүп жатат.

“Ofcom” иликтөөнүн жүрүп жатканы "телеканал мыйзамдарды бузду" деген сөз эмес экенин эскерткен.

"Russia Today" телеканалы да жаңы иликтөө боюнча маалыматты ырастады.

Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен анын кызынын ууландырылышы тууралуу “Russia Today” даярдаган жети материал боюнча иликтөө башталган. Анда орусиялык телеканалды "бейтараптык принциптерин бузду" деп айыпташкан. Британ депутаттары Сергей Скрипалды ууландырууга Москванын тиешеси бар болсо, телеканалга санкция киргизип, керек болсо лицензиясын алууну сунуш кылышкан. Буга жооп кайтарган “Russia Today” чектөө британ коомунун өзүнө зыян болот деп белгилеген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эгер канал Британияда лицензиясынан ажырай турган болсо, анда Орусияда британиялык бир да жалпыга маалымдоо каражаты иштей албай турганын эскерткен. 13-майда “Ofcom” “Russia Today” Британияда ишин уланта берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG