Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Помпео Иран боюнча АКШнын жаңы стратегиясын жарыялады


Мамлекеттик катчы Майк Помпео. 21-май, 2018-жыл.
Мамлекеттик катчы Майк Помпео. 21-май, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Иран агрессиясын ооздукташ үчүн Пентагон жана АКШнын аймактагы өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн АКШнын Иранга карата жаңы саясатын жарыялаган Вашингтондогу "Heritage" фондундагы баяндамасында айтты. Ал "АКШ Иранга болуп көрбөгөндөй каржылык басым көрсөтөт" деп да кошумчалады. Помпеонун айтымында, Иранга карата санкциялар Тегерандын саясаты өзгөргөнүн АКШ көргөндө гана жоюлушу мүмкүн.

Анткени менен мамлекеттик катчы АКШ Иран жана анын өнөктөштөрү менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.

Помпео Иранга карата 12 талапты окуду. Анын арасында Сириядан Иран аскерлеринин чыгарылышы да бар. Мамкатчы Иранда кармалган ар бир америкалык жаранды кайтарып алыш үчүн бардык күч-аракетин жумшаларын да кошумчалады.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок 8-майда АКШ көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албасы менен түшүндүргөн.

Келишимге кол койгон башка өлкөлөр аны сактап калуу ниеттерин билдиришкен. Трамп Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирүүнү караган документке да кол койгон.

Евробиримдик Иранда бизнес жүргүзгөн европалык фирмаларды АКШ санкцияларынын таасиринен коргой турган эрежени кайра жандандыруу жараянын 18-майда баштаган.

XS
SM
MD
LG