Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Нарендра Моди менен Владимир Путин Сочиде жолугушту


Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен. Сочи, Орусия. 21-май, 2018-жыл.
Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен. Сочи, Орусия. 21-май, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Модини 21-майда Сочиде кабыл алды.

Акыркы айларда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 17% көбөйгөнүн белгилеген Путин: «Эки тараптуу кызматташтыктын тамыры терең, биз ага жаңы дем бере алдык» деди. Орус лидери Москва менен Нью-Дели аскердик мекемелердин кызматташтыгын да жакшы жолго коё алганын белгиледи.

Индиянын өкмөт башчысы менен Путиндин бул расмий эмес жолугушуусу анын дагы алты жылдык президенттик мөөнөткө киришкенине эки апта болгондон кийин өтүп жатат. Мындан тышкары, азыр Орусиянын Украинадагы агрессиясына, Сириядагы жарандык согуштагы ордуна, АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүнө жана Британияда орусиялык мурдагы чалгын кызматкеринин ууландырылышына байланыштуу Москва менен Батыштын мамилеси "кансыз согуш" жылдарынан бери эң төмөн деңгээлге түшүп кеткен учур.

Орусия менен Индиянын лидерлеринин коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде Москвадан ракетага каршы С-400 системасын сатып алуу да киргизилген.

Владимир Путин менен Нарендра Моди Ооганстандагы кырдаалды да талкуулайт.

XS
SM
MD
LG