Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо демилгеси көтөрүлдү


Бишкектеги талкуу.
Бишкектеги талкуу.

Бүгүн, 21-майда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев сунуш кылган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу тегерек үстөлдүн уюштуруучулары "Азаттыкка" кабарлашты.

Иш-чарага эл өкүлү Кенжебек Бокоев өзү да келип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, мыйзам аркылуу айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн төрт жылдан беш жылга которуп, ашыкча чыгаша кетирбей, келечекте Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүү пландалууда.

Депутат ошондой эле “биринчи кезекте айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо ишке ашса, келечекте "шаарлардын мэрлерин да эл түз шайлашы керек" деген мыйзамды алып чыгабыз” деген пикирин айтты.

Тегерек үстөлдүн катышуучуларынын арасынан бул сунуштарды колдогондор көп болду. Мындан башка сунуштар да айтылды. Аталган мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланат.

Талкууну “Демократияны колдоо фонду” жана “Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы уюштурган. (ErN)

XS
SM
MD
LG