Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 03:45

Ирандын батышында 800дөн ашык киши козу карынга ууланганы аныкталды, ал эми 11 адам көз жумган. 200дөн ашык адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ирандын медицина кызматкерлеринин айтымында, уулуу козу карын менен жей турган козу карын окшош болгондуктан эл көп адашат. Козу карын Ирандын батышындагы тоолордо жазгы жамгырдан кийин жайнап өсөт.

ВВСнин жазганы боюнча, расмий мекемелер элге дүкөндөн гана атайын даярдалган козу карынды сатып алууну сунуш кылып жатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG