Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки милиция жабыркап, бир адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан милиция кызматкери жабыркап, бир адам каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 58-чакырымында, Чок-Тал айылынын күн чыгыш тарабында болгон. Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну, милициянын кызматкери "Субару форестер" автоунаасын башкарып баратып рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, электр көмөк чордонун сүзүп алган.

Жол кырсыгынын натыйжасында айдоочу жана анын жүргүнчүсү, 26 жаштагы милициянын дагы бир кызматкери ар кандай жараат алып Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жаткырылган.

Ал эми ошол эле автоунаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчү, Түп районунун Балбай айылынын 25 жаштагы тургуну окуя болгон жерде мүрт кеткен. Бул факты Ысык-Көл райондук милициясында катталып, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Жабыркаган милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору болгон. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG