Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Ташкентте Кыргызстандын туристтик жармаңкеси башталды


Ташкент шаары.
Ташкент шаары.

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Кыргызстандын туризм тармагын көрсөткөн иш-чара башталды. Бул тууралуу салтанатты уюштуруп жаткан кыргызстандык “Азия Экспедишнз” туристтик компаниясы кабарлады.

Саамалыкта Кыргызстандагы туристтик жайлар, "Көчмөндөр оюндары" ж.б жөнүндө маалыматтар берилет. Мындан сырткары Кыргызстан менен Өзбекстандын туроператорлорунун жана эс алууну уюштурган бирикмелердин ортосунда жолугушуу өтөт.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана Кыргызстандын курорттор ассоциациясынын колдоосу менен өтүп жатат. Жыйын эртең, 23-майда аяктайт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий мамиле оңолгону эки өлкөдө бири-бирине саякаттагандар көбөйдү. Быйыл жыл башынан баштап Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамы жүрө баштаган. Аба каттамдары да көбөйүп, Ташкент-Тамчы учагы тынбай каттап жатат. Күн алыс Бишкек-Ташкент багытында автобус да жүрө баштады. (ErN)

XS
SM
MD
LG