Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Бүгүн Аида Салянованын соту уланат


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши Жогорку сотто каралат.

8-май күнкү отурумда прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова, соңунда Аида Салянова жарыш сөзүн сүйлөгөн. Салянова күнөөсүн толук четке кагып, иликтөөнүн материалдарында да анын айыбы далилденбегенин билдирген.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деп эсептелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. Соңку соттук процесстен кийин Салянова өзүнө карата Жогорку сот калыс чечим чыгарарына ишеним артып жатканын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG