Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Ирандын президенти АКШга жооп кайтарды


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШнын мамкатчысы Помпеонун билдирүүсүнө жооп кайтарып, Тегеран жаңы чечимди кабыл албай турганын айтты.

“Дүйнө бүгүн Кошмо Штаттардын бардык мамлекеттер үчүн кабыл алган чечимин тааныбайт. Ар бир мамлекет эгемен. Силер Иран жана дүйнө үчүн чечим кабыл алгыдай кимсиңер?” деген Роуханинин сөзүн Иран медиасы жарыялады.

Роухани Помпеонун сөзүн четке кагып, "азыркы президент Дональд Трамптын администрациясы мурдагы президент Буштун 2003-жылы тараткан билдирүүлөрүн кайталап жатат" деп сынга алды. "Ирандыктар мындай билдирүүлөрдү жүз жолу угушкан. Алар көңүл деле бурушпайт”,-деди ал.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео кечээ Вашингтондогу "Heritage" фондундагы баяндамасында АКШнын Иранга жаңы саясатын жарыялаган. Анда ал “Ирандын агрессиясын ооздукташ үчүн Пентагон жана АКШнын аймактагы өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташарын” билдирген. Ал "АКШ Иранга болуп көрбөгөндөй каржылык басым көрсөтөт" деп да кошумчалаган. Помпеонун айтымында, Иранга санкциялар Тегерандын саясаты өзгөргөнүн АКШ көргөндө гана жоюлушу мүмкүн.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок 8-майда АКШ көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албасы менен түшүндүргөн. Келишимге кол койгон башка өлкөлөр аны сактап калуу ниетин билдиришкен. (EzK\ErN)

XS
SM
MD
LG