Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 18:55

Пакистанда ысыктан улам 65 адам каза болду


Хайдерабад, Пакистан. 18-май, 2016-жыл.

Пакистандын эң ири аймагы Карачиде күндүн ысыгынан улам соңку үч күн ичинде кеминде 65 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөдөгү “Эди Фандейшн” кайрымдуулук уюму кабарлады.

Аптап электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип жаткан мезгилге жана орозо айына туш келди. Пакистандын метеорология кызматы абанын температурасы 44 градуска чейин чыкканын ырастады.

"Тез жардам" жана өлүккана кызматтарын башкарган “Эди Фандейшн” коомунун жетекчиси Файсал Эди каза болгондордун көбү Карачинин жакыр райондорунда катталганын, ал жерлерде 15 миллиондон ашык адам жашаарын билдирди.

Пакистандын түштүгүндөгү Синд провинциясынын саламаттык сактоо министри Фазлулла Печухо жергиликтүү гезиттердин бири менен болгон маегинде муну төгүнгө чыгарып, "Карачиде адамдар аптаптан улам каза болду" деген маалыматты толугу менен четке какты.

2015-жылы Пакистанда күндүн ысыгынан улам 1200дөй адам - негизинен үй-жайы жоктор, бейтаптар жана кары-картаңдар каза болгон. Анда “Эди Фандейшн” уюмунун өлүкканасы 650 сөөктү муздаткычка жеткирип, калган сөөктөр сыртта күндүн ысыгында калып кеткен. Пакистан бийлик 2015-жылкы окуя кайталанбай турганын жана муктаждар ыкчам жардам алып турарына ишендирип келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG