Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Коомдук уюм камалган саясатчылар боюнча президентке кайрылды


Камактагы саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров.
Камактагы саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров.

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, камактагы саясатчылардын кылмыш иштерине көңүл бурууга чакырды. Уюм УКМК жана Башкы прокуратура козгогон иштерди “атайылап токулган айыптоо” деп атап, мамлекет башчыны Коргоо кеңешин өткөрүп, ал иштерге ошол жыйында саясий баа берүүнү суранат.

Комитет “иши кайра каралышы керек” дегендердин тизмесине камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөн Чотоновду, Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду, Эрнест Карыбековду, Канат Исаевди, Мелис Аспековду, Бекболот Талгарбековду, Төрөбай Колубаевди, Марат Султановду, Садыр Жапаровду, Абдылда Капаровду жана Максат Кунакуновду кошкон.

Уюм аты аталган саясатчылардын баары мурдагы бийликтин курмандыгы болушканын белгилейт. Кайрылууда бул куугунтуктун максаты оппозицияны жок кылуу, саясий талааны тазалоо жана бардык башкача пикирлерге кысым көрсөтүү болгону айтылат.

Сөз эркиндигин коргоо комитети ошол себептүү камактагы саясатчылар күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирип, ага карабай президентти аларга ырайым кылуу же мунапыс кылуу аркылуу чукул арада чыгарууга чакырат. “Акыйкат жана адилет сот болсо алар камактан чыккандан кийин актыгын далилдеп алат” деп белгилейт кеп болуп жаткан уюмдун мүчөлөрү.

Кечээ парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү, депутат Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга көңүл бурууну соттон талап кылган. Мунун алдында акыйкатчы Кубат Оторбаев да президентке кайрылып, Текебаевге ырайым кылууну президенттен суранган. Коррупцияга айыпталган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев күнөөсүз болгону үчүн ырайымдан баш тартарын билдирген.

Мурдараак 12 депутаттан турган “Парламентаризм үчүн” клубу Кыргызстанда 30дан ашык кишиге "саясий негизде" кылмыш иши козголгонун жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG