Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Ошто «Жаш мугалим - 2018» сынагы жыйынтыкталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында алгач ирет өтүп жаткан «Жаш мугалим - 2018» сынагынын финалдык баскычы 23-май күнү Оштогу Улуттук драма театрында өткөрүлөт.

Уюштуруучулар белгилегендей, жаш мугалимдерди шыктандыруу максатында өтүп жаткан сынактын мектептик баскычы окуу жылынын биринчи жарымында башталган. Жеңүүчүлөр февраль айында ачык сабактарды өтүп, андан тышкары мугалимдердин диагностикалык сынагына катышты.

Эми финалдык баскычка даярдык көрүп жаткан мугалимдер үчүн добуш берүү социалдык тармактар аркылуу да жүрүп жатат.

"Жаш мугалим - 2018" сынагына стажы үч жылдан көп эмес жаш мугалимдер катышууда. (MdN)

XS
SM
MD
LG