Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

"Саякбай" тасмасы Гарлем кинофестивалынын сыйлыгын алды


"Саякбай" тасмасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов да ойногон.
"Саякбай" тасмасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов да ойногон.

Кыргызстандык режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" кинотасмасы америкалык эл аралык Гарлем кинофестивалында "Эң мыкты операторлук иш" наамындагы сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу маалымат фестивалдын расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматты тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров да "Азаттыкка" ырастады.

- ​Американын ичинде да киночулар бөлүнөт. Лос-Анжелестеги киночуларды "Голливуд" деп коет. Ал эми Нью-Йорктогу киночулар өздөрүн көз каранды эмес режиссерлор деп эсептейт да, америкалык турмушту көрсөткөн, терең ойду, философияны чагылдырган киночулар болуп саналат. Гарлем кинофестивалына да дүйнө жүзүнөн көз каранды эмес режиссерлор чакырылат. Дал ошол фестивалдан биздин тасма "Best Cinematography" же кыргызча айтканда "Эң мыкты операторлук иш" наамында сыйлыкка ээ болду.

Буга чейин "Саякбай" тасмасы эл аралык Монреаль кинофестивалына катышкан. Андан кийин Лондондон "Эң мыкты монтаж" наамындагы сыйлыкка ээ болгон.

Эл аралык Гарлем кинофестивалы 2005-жылы Нью-Йоркто негизделген. (KR)

XS
SM
MD
LG