Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:47

Үмөталиева Жогорку соттун судьялыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулушун сунуш кылган президенттин көрсөтмөсүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети колдоду. Бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева "Азаттыкка" тастыктады:

- Галина Үмөталиева өзүнүн арызы менен ден соолугуна байланыштуу кетти. Ал пенсияга чыгарына деле үч жыл калган экен.

Галина Умөталиева мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча "Zanoza.kg" сайтына каршы жазган доо арыздарына чыккан чечимдерди караган коллегиянын мүчөсү болгон. Андан ал коллегия райондук жана шаардык соттордун чечимдерин өзгөртүүсүз калтырган.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Жогорку соттун судьялары 70 жашка чейин, жергиликтүү соттор 65 жашка чейин тандалат. (KR)

XS
SM
MD
LG