Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Абрамович Лондонго байлыгы мыйзамдуу экенин далилдеши керек


Роман Абрамович, 19-декабрь, 2015-жыл
Роман Абрамович, 19-декабрь, 2015-жыл

Орусиялык олигарх Роман Абрамович Британиянын жаңы визасын алуу үчүн британ бийликтерине өз байлыгын мыйзамдуу жол менен тапканын далилдеши керек.

Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды. Мурдараак маалымат каражаттары Абрамовичтин британ визасы узартылбай жатканын жазышкан.

Британияга инвестордун визасын алуу үчүн бул өлкөнүн экономикасына эки миллион фунт стерлинг салуу зарыл. Бул боюнча расмий маалымат чыга элек.

Виза маселесинен улам Абрамович өзүнө тийиштүү "Челси" клубу менен "Манчестер Юнайтед" командасынын мелдешине катыша албай калганы кабарланган.

Бир күн мурда британ парламентинин комитети Орусиядан Лондонго агылган шектүү акча жана байлыкка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды. Орус тарап бул кабарды "кезектеги үгүт" деп баалап, орус байларын акчасын Британияга эмес, Орусиянын өзүнө салууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG