Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:00

Милиция кызматкерлери үчүн үйдүн курулушунан мамлекет зыян тартканы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери үчүн салынган турак-жай курулушунан мамлекет 118 млн. сомдон ашуун зыян тарткан. Буга байланыштуу Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 221-беренеси ("Коммерциялык жана башка ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануусу") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2016-жылы августта Ош облустук ИИБ менен ИИМдин курулуп жаткан ишканалар боюнча бириккен дирекциясы 12 кабат турак-жай салыш үчүн "П." аттуу ишкана менен келишим түзгөн. Бир жылдан кийин, былтыр ноябрда ал ишкана Ош облусундагы район аралык сотко Ош облустук ИИБ менен ИИМдин курулуп жаткан ишканалар боюнча бириккен дирекциясына каршы арызданып, аткарылган иштердин айырмасына 1,638 тонна арматура жана 4,437 миң кубометр бетондун акчасын - 118 млн. 777 миң сомду кошууну өтүнгөн. Сот арызды канааттандырган.

Ош шаардык прокуратурасы бул чечим боюнча Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG