Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Мамлекеттик бажы кызматында төраганын биринчи орун басары дайындалды


Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

Шамил Бердалиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка бүгүн 22-майда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Премьер-министрдин 14-майдагы буйругуна ылайык Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгынан өз каалоосу менен кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган.

Жаңы дайындалган төрага Алмаз Оңолбеков бажы тармагында чейрек кылымга жакын кызмат кылган тажрыйбалуу бажы адиси катары сыпатталып келген. Аны жамаатка тааныштырган вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жаңы жетекчинин алдында бажы тармагын жөнгө салуу жана бюджетке бажы жыйымдарын чогултуунун көрсөткүчүн жогорулатуу милдети турганын айткан. (KR)

XS
SM
MD
LG