Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:34

Лейлек району селден 58 млн. сомдук зыян тартты


Иллюстрациялык сүрөт.

13-май күнү Лейлек районунун аймагында катуу жаандан улам айрым айылдарда сел жүрүп, 250дөй майда жандыкты, отуз баш бодо малды агызып, беш чарбалык көпүрөнү, беш айылда таза суу түтүгүн жарактан чыгарган. Ички жолдор жана чарбалык арыктар пайдалануудан чыгып калган. Атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия селдин зыянын эсептеп, жалпы чыгым 58 млн. сомго жеткенин аныктады. Зыян тарткандардын арасында үйлөрүн камсыздандыруудан өткөргөндөр да бар.

21-май күнү да райондун аймагындагы Маргун, Катраң, Лейлек айыл аймактарында сел жүрүп, ички чарбалык арыктарды, эгин талааларын, ички жолдорду кум-шагыл басып калган. Он чакты жандыкты да суу агызып кеткен.

Бул маалыматты Лейлек районунун акимчилиги 22-майда «Азаттыкка» билдирди. (JsA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG