Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Жогорку сот Салянова боюнча мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды (видео)


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, анда Ленин райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимдерин күчүндө калтырды.

Сот өкүмүнөн кийин Аида Салянова "Азаттыкка" чечим тууралуу өз пикирин билдирди:

- Бул чечимден кийин Жээнбековдун сот тармагы, аны реформалоо боюнча айткан сөздөрүнө ишенбей калдым. Же президенттин сөзү суу кечпейт, соттор анын сөзүн укпай жатышат. Мен акыркы убакытка чейин адилеттик болот деп ишенип жаткам.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. Соңку соттук процесстен кийин Салянова өзүнө карата Жогорку сот калыс чечим чыгарарына ишеним артып жатканын билдирген. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG