Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Ат-Башыдагы Дыйкан айылына жаңы мектеп курулду


Дыйкан айылындагы жаңы мектеп.
Дыйкан айылындагы жаңы мектеп.

Нарындын Ат-Башы районундагы Дыйкан айылына жаңы мектеп курулду. Ачылыш аземи 21-майда өткөн мектепте жаңы окуу жылында балдар билим ала баштайт.

Мектепти "Ассанабил" кайрымдуулук фонду салып, аны ачууга өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, райондук акимчиликтин жетекчилиги жана Жогорку Кеңеш депутаттары катышты.

Дыйкан айылындагы мурдагы мектеп эскирген. Жаңы билим уясы 200 орундуу. Он класстык бөлмөсү, мугалимдердин жана директордун иш болмөлөрү, тамактануучу жайы бар. Мектеп эмерек, видеобайкоо жана жылытуу түтүктөрү менен камсыздалды.

“Ассанабил” кайрымдуулук фонду буга чейин республиканын ар кайсы аймактарына 35 мектеп, 20 медпункт куруп, мамлекетке өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG