Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Бүгүн Бишкекте Евразия менен Кытайдын кызматташтыгы талкууланат


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

“Чоң Евразия өнөктөштүгү: ЕАЭБ менен “Бир алкак - бир жол” долбоорунун кесилиши” аттуу тегерек үстөл борбордогу “Плаза” мейманканасында өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду кабарлады.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ар кайсы тармактардын эксперттери катышат.

Алар Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) Кытай инвестициясынын ролун, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы коопсуздук маселесин жана "Чоң Евразия өнөктөштүгүнүн" гуманитардык жагдайын талкуулашат. Кеп болуп жаткан маселелердеги Кыргызстандын орду жана багыты да талкуунун өзөгүн түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG