Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Жалал-Абадда он чакты мыйзамсыз курал-жарак алынды


Кыргызстанда буга чейин табылган куралдардын бир бөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда буга чейин табылган куралдардын бир бөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Май айынын башынан бери Жалал-Абад облусунун аймактарынан (Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Таш-Көмүр, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон) мыйзамсыз сакталган сегиз курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Сегиз ок атуучу куралдын бирөө сайлуу, жетөө сайы жок.

Мындан сырткары Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзгөн убакта жертөлөсүнөн 51 даана 5,45 мм калибрдеги, 13 даана 7,62 мм калибрдеги автомат октору алынды.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ички иштер министрлиги куралды жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет экенин эскертет. Мыйзамдарга ылайык бул үчүн эркинен ажыратууга чейин жаза чегерилет. Бирок курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG