Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:29

Орусияда "Жахабанын күбөлөрү" уюмунун мүчөлөрү камалды


Орусиянын Оренбург облустук соту "Жахабанын күбөлөрү" уюмунун мүчөлөрү Владимир Кочневди жана Александр Суворовду камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Алар "экстремисттик бирикменин ишин уюштурган жана катышкан деп айыпталып жатат. Бул тууралуу "Жахабанын күбөлөрүнүн" Европа ассоциациясы кабарлады.

Бул диний уюмдун дагы бир мүчөсү Владислав Колбанов үй камагына алынды.

17-майда Оренбург облусунун полициясы "Жахабанын күбөлөрү" деп табылган 18 адамдын үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Андан кийин 15 адамды камакка алган.

2017-жылы Орусиянын Жогорку соту "Жахабанын күбөлөрү" уюмун экстремисттик деп таап, өлкөнүн аймагында анын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салган. "Жахабачылардын" маалыматында, Орусияда алардын 170 миңдей жолдоочусу бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG