Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Жерүй кенин иштете турган компанияга салынган айыппул жоюлушу мүмкүн


Жерүй кенин иштетүү укугун алган “Альянс Алтын” ишканасынын кызматкерлери.
Жерүй кенин иштетүү укугун алган “Альянс Алтын” ишканасынын кызматкерлери.

Жерүй кенин иштетүү укугун алган “Альянс Алтын” ишканасына салынган 500 миң доллар айыппулду Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кайра карап чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин Таласта өткөн көчмө жыйынында аталган мекеменин төрагасы Уланбек Рыскулов билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин Мамлекеттик экотехинспекция Жерүйдө алтын иргөөчү фабриканын курулушу мурда белгиленген мөөнөттө баштала элек экенин аныктаган. Буга байланыштуу атайын комиссия курулуш ишин баштабай жаткан ишканага беш айга 500 миң доллар айыппул салган эле:

- Бирок андан кийин “Альянс Алтын”: “Бул туура эмес, биз курулушту баштаганбыз. Алтын иргөөчү фабрика - бул комплекс, анын имараттары көп деп кайрылды. "Тигил ишкананы баштадык, муну баштадык" дешти. Эми биз комиссия менен айыппул салуу маселесин кайра карап чыгабыз, - деди Рыскулов.

"Жерүй" ишканасы келерки жылдын 28-февралында толугу менен бүткөрүлүп, ишке кириши керек. Эгер бул талап аткарылбаса, инвестор кечиктирилген ар бир ай үчүн мамлекетке 100 миң доллар төлөөгө тийиш.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин кечээ Таласта өткөн жыйынында Жерүй кенин ишке киргизүү белгиленген мөөнөттөн созулушу мүмкүн экендиги айтылган. Кенди иштетүү укугун алган орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясынын алдында түзүлгөн “Альянс Алтын” ишканасынын башкы директору Михаил Шубин компания комбинат пландан кечикпей ишке кирерине ишендирген.

Жерүй алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык алдын-ала иликтөөлөргө ылайык бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар. (ErN/AlS)

XS
SM
MD
LG