Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Бишкекте “Бул менин көчөм” аттуу балдар акциясы өтөт


Кыргызстанда өткөн акциялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда өткөн акциялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймылынын дүйнөлүк жумалыгына карата Бишкек шаарында “Бул менин көчөм” аттуу балдар акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан “Жол коопсуздугу” коомдук уюму кабарлады.

Акциянын алкагында бирикменин мүчөлөрү, Бишкек мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана №66 мектеп-гимназиянын окуучулары жолдогу, көчөлөрдөгү коопсуздукту жана балдардын укуктарын талкуулашат. Ошондой эле ырчылар жана жол коопсуздугун тескеген жаш инспекторлор өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Иш-чарада көчөдөгү балдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талап кылган петицияга кол топтолот. Петиция Бириккен Улуттар Уюмуна жөнөтүлөт.

“Жол коопсуздугу” коомдук уюму билдиргендей, мындай иш-чара бул аптада дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG