Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:30

Көрнөктөрдөгү каталарга айып салуучу мыйзам долбоору талкууланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште көрнөк-жарнактардагы каталар үчүн айып салуучу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат. Демилгечилердин бири, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошевдин айтымында, бүгүнкү күндө көрнөктөр ката менен чыгып, мазмуну туура эмес жазылып жатат.

Мыйзам долбоору ишке кирсе, жергиликтүү бийлик органдарында көрнөктөрдүн жазылышын жана мазмунун текшерген атайын комиссия түзүлөт. Жарнама мыйзамын бузган жеке жактар 1000 сом, ал эми юридикалык жактар 5000 сомго чейин айып төлөп калышат.

Талкууда айрым депутаттар "бул мыйзам долбоору ишкерликке жолтоо болбошу керек" деген пикирин айтышты.

Кыргызстандагы жарнама мыйзамдарына ылайык, жарнама алгач кыргыз тилинде, андан кийин расмий тилде жазылышы керек. (TSh/EBM)

XS
SM
MD
LG