Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Москвада кыргызстандык мигрант киши колдуу болду


Мигранттын мекенине жөнөтүлүп жаткан сөөгү. “Мигранттар - көрүнбөгөн күч” аттуу фотоконкурска жиберилген сүрөт. 2017-жыл.
Мигранттын мекенине жөнөтүлүп жаткан сөөгү. “Мигранттар - көрүнбөгөн күч” аттуу фотоконкурска жиберилген сүрөт. 2017-жыл.

27 жаштагы кыргызстандык жаран 14-май күнү суунун жээгинде эс алып жаткан жеринен белгисиз бирөөлөрдөн таяк жеп, ооруканага баратып жан берген. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жергиликтүү күч органдарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-май күнү элчиликке Москва облусундагы Красногорское шаарындагы сот-медициналык бөлүмүндө М.У. аттуу кыргызстандык жарандын сөөгү жатканы тууралуу кабар келип түшкөн.

"Кыргызстандын жети жараны 14-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Красногорское шаарындагы Красный Бульвар көчөсүндөгү суунун жээгине эс алууга чыгышкан. Алар эки сааттан кийин тарап кетишкен. Ал жерде маркум, бир кыз жана дагы бир эркек киши болуп эс алуусун улантмай болушат. Кечки саат 20:30 чамасында маркумга тааныш эки киши келип сабай баштаган. Алар ортого түшкөн, анын жанындагы кызды да токмоктошкон. Ызы-чуу башталганда булардын шериги качып кеткен. Бир аз убакыттан кийин кайтып келип, кыз менен баланын жарым жан болуп жерде жатканын көрүп, тез жардам чакырган. Бирок ооруканага жетпей М.У. жолдон үзүлгөн. Ал эми кыздын ден соолугу жакшы, учурда дарыланууда”, - деп маалымдайт элчилик. Ушу тапта маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул окуя боюнча Орусиянын күч түзүмдөрү кылмыш ишин козгоду.

Айрым маалыматтар боюнча, каза болгон киши Ат-Башы районунда туулган.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда Кыргызстандын 650 миңден ашуун жараны иштеп жүрөт. Жыл сайын Орусиядан Кыргызстанга эки жүздөн ашуун мигранттын сөөгү келет. Былтыр Орусиянын Москва шаарынан эле Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG