Улуттук госпиталдын жетекчилиги социалдык тармактардагы сын-пикирлерге жооп берип, "санавиация кызматын колдонуу негиздүү болгон" деп билдирүү таратты.
Билдирүүгө ылайык, 21-май күнү саат 15:40тар чамасында Улуттук госпиталдын тиешелүү бөлүмүнө Кочкор районунун ооруканасынын дарыгерлеринен "2001-жылы туулган бейтапка санавиация зарыл" деген билдирүү түшкөн. Анда бейтап мончодо эстен танып, ооруканада үч күн бою өзүнө келбей жатканы айтылган.
Бейтаптын абалы туруктуу болбогондуктан дарыгерлер телефон аркылуу кеңешкенден кийин аны Улуттук госпиталга алып келиш үчүн санавиация бригадасы жиберилген. Санавиация бригадасында невролог жана реаниматолог болгон.
Буга чейин 22-майда дарыгер-реаниматолог Нурзат Жумалиева социалдык тармактагы баракчасына "Эсеп палатасынын кызматкери санавиацияны ага муктаж эмес туугандарын ташууда колдонуп жатат" деп жазган. Бул кызуу талкууга жем таштаган. (TSh)