Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

КСДП: Начар иштердин баарын экс-президентке жана партияга шылтоо аракети байкалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаеванын атынан бүгүн ушундай маанидеги билдирүү тарады. Анда акыркы убакта коомчулукка начар жасалган иштердин баарын экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштырып көрсөтүү аракети жүрүп жатканы айтылган. КСДПнын билдирүүсүндө "Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын 16-майдагы жыйыны "сот жараянына" айланып, кабыл алынган токтом айыптоочу корутунду болуп калганын депутаттар өздөрү да белгилешти" деп айтылат. Ошондой эле КСДП өз билдирүүсүндө депутаттык комиссиянын токтому ЖЭБдеги аварияга себепчи болгондорду айыптоонун ордуна, аны модернизациялоо демилгесин көтөргөндөрдү айыптоого өтүп кеткенине таң калып, "дал ошол модернизациялоо Бишкек шаарынын жылуулук системасын сактап калганын" белгилеген.

Мындан тышкары, билдирүүдө күч кызматтары ЖЭБдеги аварияны иликтөө иштеринде ачык эле тандамал мамиле кылып жатканы айтылат. "Кылмыш иши ЖЭБдеги аварияга байланыштуу козголсо да, укук коргоо органдары ишкананын мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулун жоопко тартуунун ордуна аварияга таптакыр тиешеси жок адамдарды күнөөлөп киришти" деп, КСДП ага Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовдун камалышын, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун кайра-кайра суракка чакырылышын мисал келтирген.

Билдирүүдө партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта Райымбек Матраимов тууралуу айтканы боюнча бийлик кандай чечимге келерин коомчулук күтүп жатканы да белгиленет. КСДП бажы тармагындагы уурулукту иликтөөнүн ордуна, андан кийин бул кызматка келип, тармакты коррупциядан тазалай баштаган КСДПнын мүчөсү Кубанычбек Кулматов кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканы да баса белгиленген.

КСДП өз билдирүүсүн "УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын мындай тандамал мамилеси жемкорлукту жоюу идеясын өзүнөн өзү жокко чыгарат" деп жыйынтыктайт.

Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыпталып, КСДПнын мүчөсү, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов камалган. ЖЭБди модернизациялоонун демилгечилеринин бири катары КСДП төрагасынын орун басары, экс-премьер-министр Сапар Исаков УКМКга бир нече жолу суракка чакырылган. ЖЭБди модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан курулган орто мектептин курулушунан өөнөлгөн 91 млн. сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча КСДПнын дагы бир мүчөсү, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовго айып тагылып, УКМКга бир нече жолу сурак берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG