Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан Баткен облустук чек ара башкармалыгына 77 чакан байкоочу камера берилди. Мындан ары Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын кайтарып турган чек арачылардын ар бир аракетин көкүрөгүнө тагылган камера тасмага тартып жүрөт. Бул демилге чек аранын талаштуу аймактарында, эки тараптуу тактала элек бөлүктөрүндө чек арачылардын аракети талаш туудурган учурларды азайтып, жаңжалдарды жөнгө салууга жардам берүү максатын көздөйт.
"Чек арадагы талаштуу учурларда эки тарап тең өз аракетин "мыйзамдуу" деп талаш чыга берчү. Эми андай болбойт", деп белгиледи Мамлекеттик чек ара кызматы.
Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек ара сызыгы миң чакырымдай болсо, анын 60 пайызы гана эки тараптуу такталган.
Тактала элек шарттуу тилкелерде талаш-тартыштар, жол, суу, жер талаштан улам жаңжалдар чыгып жүрөт. Быйыл жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында онго жакын пикир келишпестик катталган. (JsA)