Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 09:56

Депутат Акаев судьялыкка бир да талапкерди өткөрбөй коюуну сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламентте Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатат. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары Ирина Воронцованын, Дамира Орозованын, Кыдык Жунушбаевдин, Нургүл Бакированын, Айдарбек Алымкуловдун атын атады. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен.

Талкууда биринчилерден болуп сөз алган эркин депутат Жанар Акаев талапкерлердин баарын өткөрбөй коюуну сунуш кылды.

- Кайсы сотко ким кандай добуш берди? Эл көрүшү керек. Ошондуктан ачык добуш берели. Бул жерге келген талапкерлердин көбү - Манасбек Арабаевдин кадрлары. Келгиле, биз жаңы адамдарды нөлдөн баштайлы. Бүгүнкү бешөөнү тең жыгышыбыз керек. Ошондо эл ишенет, - деди Акаев.

Буга чейин президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен кызматынан бошотулган. Аны айрым оппозициялык саясатчылар "соттук чечимдерге кийлигишет" деп айыптап келишкен. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG