23-май күнү саат 14:00-17:00 аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Ага ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Ушундай эле катуу шамал 23-майдан 24-майга оогон түнү да Бишкекте жана Чүйдө болору кабарланды.
ӨКМ буга байланыштуу жарандарды катуу шамалдан этияттанууга жана автоунааларды бактардын алдынан алууга чакырды. (ZKo)