Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Судьялыкка талапкерлер: Арабаев бизге кайрылган эмес


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге: "Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев кайрылганбы?" деген суроо салды.

Судьялыкка талапкерлер бир ооздон Манасбек Арабаев менен эч качан байланышпаганын билдиришти.

Бүгүн, 23-майда парламентте Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатат. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары Ирина Воронцованын, Дамира Орозованын, Кыдык Жунушбаевдин, Нургүл Бакированын, Айдарбек Алымкуловдун атын атады. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен.

Буга чейин президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен кызматынан бошотулган. Аны айрым оппозициялык саясатчылар "соттук чечимдерге кийлигишет" деп айыптап келишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG