Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Орусияда активисттер Руслан Шаведдинов менен Кира Ярмыш бир айга чейин камалды


 Руслан Шаведдинов.
Руслан Шаведдинов.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын «YouTube» каналынын алып баруучусу Руслан Шаведдинов 30 күнгө камалды. Аны полиция 22-майда Москвадагы үйүнөн кармап кеткен. Укук коргоо органдары активисттен кабар алганы барган Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмышты да кармаган. Руслан Шаведдинов сот чечиминен кийин «Твиттердеги» баракчасына «Отуз күн. Мындан кийин да өлкөнүн келечеги үчүн күрөшкө катышууга сиздерди чакыра берем» деп жазды.

Сот бүгүн Кира Ярмышты да 25 күнгө камоо чечимин чыгарды. Полиция Шаведдинов менен Ярмыш Путиндин жаңы президенттик мөөнөтүнө киришине каршы өткөн 5-майдагы митингди уюштурган деп санашат.

Сүрөттө Алексей Навальный менен Кира Ярмыш.
Сүрөттө Алексей Навальный менен Кира Ярмыш.

41 жаштагы оппозиционер Алексей Навальный Орусиянын президенти Владимир Путиндин 7-майдагы инаугурациясынын алдында элди «Ал бизге падыша эмес» деген акцияга чыгууга чакырган. 5-майда 26 шаарда өткөн ал нааразылык жүрүштөрүндө жалпысынан 1600дөй адам, анын ичинде Алексей Навальный да кармалган. Кийин сот оппозиционерди 30 күнгө камоо тууралуу чечим чыгарган. Бүгүн Москва шаардык соту Навальныйдын аны 30 күнгө камаган райондук соттун чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызын канааттандырган жок.

XS
SM
MD
LG