Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Пулитцер сыйлыгынын ээси, жазуучу Филип Рот көз жумду


Филип Рот 20дан ашуун китептин, анын ичинде "Башка жашоо", "Америкага каршы кутум" деген чыгармалардын автору.
Филип Рот 20дан ашуун китептин, анын ичинде "Башка жашоо", "Америкага каршы кутум" деген чыгармалардын автору.

Кошмо Штаттарда жазуучу, Пулитцер сыйлыгынын ээси Филип Рот 85 жашында көз жумду. Ал жүрөк оорусунан улам Манхэттен ооруканасында жарык дүйнө менен кош айтышканы кабарланды.

Филип 20дан ашуун китептин, анын ичинде "Башка жашоо", "Америкага каршы кутум" деген чыгармалардын автору. Ал 1998-жылы малчылардын турмушун чагылдырган "Америкалык пастораль" аттуу романы үчүн абройлуу Пулитцер сыйлыгына татыган. Ал жазган сегиз китептин негизинде көркөм фильмдер тартылган. Жазуучу адабият боюнча Нобель сыйлыгына да көрсөтүлгөн, бирок алган эмес. 2012-жылы Рот жазуучулук карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG