Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

Судьялыкка талапкерлердин бирөө 1 жылда беш эле иш караган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин бири Кыдык Жунушбаевдин бир жылда эмне үчүн аз иш караганына кызыкты.

- 2016-жылы беш иш карапсыз, анын үчөө токтотулуптур. 2017-жылы үч иш карапсыз. Сиз сот болуп иштебейт окшойсуз. Жаныңыздагы судья бир күндө он иш караса керек? - деди Зулушев.

Ал эми Кыдык Жунушбаев 2016-2017-жылы Судьялар кеңешине төрөга болуп шайлангандыктан көп иш карай албаганын билдирди.

Бүгүн, 23-майда парламентте Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатат. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары Ирина Воронцованын, Дамира Орозованын, Кыдык Жунушбаевдин, Нургүл Бакированын, Айдарбек Алымкуловдун атын атады. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG