Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

HRW Орусиядагы футбол чемпионатын бойкот кылууга чакырды


Орусия президенти Владимир Путин менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Сочи шаарында. 3-май, 2018-жыл.
Орусия президенти Владимир Путин менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Сочи шаарында. 3-май, 2018-жыл.

Эл аралык “Хьюман Райтс Вотч” (HRW) укук коргоо уюму дүйнө лидерлерин Орусияда өтчү Дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылыш аземин бойкот кылууга чакырды. Уюм тараткан видеодо "Орусия Сириядагы Башар Асаддын кандуу режимин колдоп жатканы" жана "Сириядагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө жоопкер" экени белгиленет.

Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун башкы директору Кеннет Роттун айтымында, дүйнөдө эң көп көрүлгөн бул иш-чараны өткөрүү менен Орусия өз аброюн көтөрүүнү көздөйт. Ал "Путин Сириядагы кандуу режимди колдоп жаткан чакта дүйнөнүн башка лидерлери Орусиядагы футбол чемпионатынын ачылыш аземине конок болуп отурбашы керек" экенин кошумчалады.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусияда 14-июндан 15-июлга чейин өтөт. Мелдештер 11 шаардагы 12 стадиондо уюштурулат. Европанын чыгыш бөлүгүндө биринчи жолу өтө турган дүйнө чемпионаты буга чейинки мелдештерден каражат эң көп сарпталганы менен айырмаланат. Ал Сириядагы химиялык чабуул катары сөз болуп жаткан окуя, орусиялык мурдагы чалгын кызматкеринин Британияда ууландырылышы, Москванын Украинадагы иштерге кийлигишүүсү жана башка маселелер боюнча Орусия менен Батыштын ортосунда мамиле чыңалып турган кезде өткөнү турат.

Буга чейин Британия менен Исландиянын өкмөттөрү 14-июнда баштала турган чемпионатка алардан расмий өкмөт адамдары барбай турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG