Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Парламент Жогорку сотко үч судьяны өткөрбөй койду (видео)


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Бүгүн, 23-майда парламент Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүнүн жыйынтыгында Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакированын талапкерлиги жактырылып, Ирина Воронцова, Дамира Орозова жана Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш ала алган жок.

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев талапкер катары жогорудагы беш адамдын атын атаган. Алар буга чейин укук коргоо, сот тармактарында иштеп келишкен.

Эми Жогорку Кеңеш добуш берген судьяларды президент бекитет. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Жогорку соттун судьялары 70 жашка чейин иштей берет.

XS
SM
MD
LG