Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Тажик министри фамилиясын өзгөрттү


Сирожиддин Мухриддин (Сирожиддин Аслов)
Сирожиддин Мухриддин (Сирожиддин Аслов)

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов фамилиясын өзгөрттү. Эми анын аты-жөнү документтерде "Сирожиддин Мухриддин" деп жазылат.

“Тышкы саясат мекемесинин башчысы бир канча күн мурда фамилиясын өзгөрттү. Эми документтерде анын фамилиясы катары атасынын аты колдонулат” деп билдирди министрликтин атын атабаган кызматкери “Азаттыктын” тажик кызматына.

Сирожиддин Мухриддин 54 жашта, ал бул кызматка 2013-жылы дайындалган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон фамилиясынын “ов” деген бөлүгүнөн 2007-жылы баш тарткан. Анда президенттин артынан бир канча мамлекеттик кызматкер орусча фамилиясын тажикчеге өзгөрткөн болчу.

XS
SM
MD
LG