Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Трамп менен Кимдин жолугушуусу тууралуу маселе эмки аптада чечилет


Ким Чен Ын менен Дональд Трамп.
Ким Чен Ын менен Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу тууралуу акыркы чечим эмки аптада кабыл алынат. Бул тууралуу АКШнын президенти Трамп өзү кабарлады. Жолугушуу 12-июнда Сингапурда өтөрү айтылып жатат.

Бир күн мурда ал Ким Чен Ын менен жолугушуусу кечеңдеп калышы мүмкүн экенин билдирген. Президенттин бул билдирүүсүн байкоочулар АКШ менен Түндүк Кореянын "тарыхый" деп сыпатталып жаткан саммити "өтпөй калат" деп болжогонго дагы бир себеп катары кабыл алышты.

Буга чейин Пхеньян да АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгууларынан улам саммитке катышуудан баш тартышы мүмкүн экенин эскерткен. Ага удаа эле "Ким Чен Ындын "Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тартат" деген билдирүүсүн Ак үй башкача түшүнгөн болушу мүмкүн" деген маалыматтар да чыккан. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан баш тартышы - АКШ президентинин жолугушуу үчүн коюп келе жаткан талабы.

Кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео саммитке даярдануу уланып жатканын билдирип, бирок ал өтпөй калышы да мүмкүн экенин белгилеген.

Ал ортодо массалык маалымат каражаттары Ким Чен Ын Трамп менен Сингапурда өтө турган жолугушууга кеткен учурда анын өлкөсүндө аскердик төңкөрүш уюштурулуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатканын жазышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG