Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кара-Кулжада катуу шамалдан беш жаштагы кыз жабыркады


Кара-Кулжадагы шамал 15 үйдүн чатырын учуруп кетти. 23-май, 2018-жыл
Кара-Кулжадагы шамал 15 үйдүн чатырын учуруп кетти. 23-май, 2018-жыл

Райондун Карагус айыл аймагында 23-май күнү саат 19:50 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Жаңы-Талаа айылында беш жаштагы А.Ы. аттуу кызды талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы жакшы. Мындан тышкары шамал 15 үйдүн, 13 сарайдын шиферин учурган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү жана жарандык коргонуу комиссиясы кырсыктын кесепеттерин тактап жатышат.

23-майда нөшөрлөп жааган жаандын айынан өлкөнүн айрым аймактарында сел жүргөн. Адамдар жабыркаган жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG