24-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында кар жаап, тоонун этегиндеги кашарды күрткү басып калган. Бүгүн таңкы саат 07:40та кашар жайгашкан аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнөн куткаруучулар жана Тору-Айгыр айылынын 15 тургуну жөнөп кетти.
Азырынча кырсыктан жапа чеккендер тууралуу маалымат жок. ӨКМдин басма сөз кызматы бул тууралуу кошумча маалымат берилээрин айтты.
Ушул эле түнү Ысык-Көл облусунун айрым тоолуу аймактарына кар жааганы тууралуу социалдык тармактарга сүрөттөр жарыяланууда. (ZKo)