Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков облустук, райондук гезиттерди жоюу демилгесине каршы экенин билдирди. Анын айтымында, алыскы айылдарга Интернет жетпегендиктен жарандар аймактык гезиттерден маалымат алышат.
- Жогорку Кеңештин төрагасына, менин наамыма бардык аймактардагы гезиттерден арыз келип жатат. Айылдагы чабандын "Айфону" жок, тоодогу малчынын ноутбугу жок да. Алардын маалымат алуу укугун чектеп жатпайсыңарбы. Силер бөлгөн каражат - болбогон акча.
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов аймактардагы мамлекеттик маалымат каражаттары реформалана турганын, аймактык гезиттер Интернет форматына өтөөрүн билдирген. Облустук маалымат мекемелерине бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттын өздөштүрүлүшүн оптималдаштыруу максатында ар бир облуска жаңы медиа-борборлорду ачып, алар телеберүү, радио, гезит, жаңылыктар веб-сайты, басма сөз борбору, медиа мектеп (окуу борбору) сыяктуу платформалардан тураары белгиленген. Бирок райондук гезиттердин жетекчилери буга каршы болуп келатышат.
Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу 34 райондук, 12 облустук гезит жана алты облустук телеканал бар. (TSh)