Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Мавлян Аскарбеков эки жыл мурда айткандарын "Фейсбук" аркылуу расмий төгүндөдү


Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Фейсбук" баракчасындагы төгүндөөнү 23-майда бардык пайдалануучулар көрө ала тургандай макамда жарыялоого аргасыз болгонун жарандык активист Мавлян Аскарбеков "Азаттыкка" билдирди:

- Мен буга чейин "Дастан Бекешев Кыргызстандагы дүлөйлөр жана азиздер коомдук бирикмесиндеги мыйзамсыз иштерге аралашкан" деген мазмунда пикир жазгам. Депутат мени сотко берип, 20 миң сом моралдык компенсация жана "Фейсбукка" чыккан билдирүүмдү өчүрүп, төгүндөөнү талап кылган. Бирок моралдык кенемтенин минималдуу көлөмү мыйзамда аныкталган эмес экен, сот аны жокко чыгарып, жазганымды "Фейсбуктагы" баракчамда төгүндөөмдү талап кылган чечим чыгарган. Мен былтыр эле ошентип өз баракчамда төгүндөө чыгаргам. Соттун чечиминде төгүндөөнүн деталдары көрсөтүлбөгөндүктөн пост менин баракчамда турат, бирок аны менден башка эч ким көрө албайт. Буга нааразы болгон депутаттын өтүнүчүн Жогорку сот канааттандырып, мени "Фейсбуктагы" төгүндөөмдү бардык пайдалануучулар көрө ала тургандай макамда рыялашымды талап кылган чечим чыгарган. Мен аргасыздан чечимди аткарууга мажбур болдум.

Мавлян Аскарбеков дагы бир иш боюнча быйыл апрелде Биринчи май райондук соту тарабынан 50 миң сом айыпка жыгылган. Башкы прокуратура ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга үндөө”) менен кылмыш ишин козгогон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап, "бийликти күч менен басып алууга чакырык болгон эмес" деп корутунду чыгарышкан.

Айыпталуучу жана адвокаттар сот ишти калыс карабай, конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтып, бир нече жолу ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз беришкен.

Мавлян Аскарбеков - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине сын айтып жүргөн активисттердин бири. (ZKo)

XS
SM
MD
LG