Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Депутаттар менчикке берилген жерлерди иликтөөнү талап кылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Бишкектин түштүк аймагындагы жерлердин жеке менчикке кандайча берилип кеткенин иликтөөнү талап кылды. Алардын бири депутат Наталья Никитенко бул жерге көп кабаттуу үйлөрдү кимдер, кайсы документтин негизинде куруп жатканына кызыкты.

- Коомчулукка белгилүү болуш үчүн шаардагы Түштүк магистрал аймагындагы жерлердин берилип кеткени боюнча ачык иликтөө башталышы керек. Эмненин негизинде жер берилди эле? Кылмыш иши козголгону белгилүү болсо да, азыркыга чейин курулушу уланып жатат.

Буга чейин бул маселени депутаттар Жанарбек Акаев, Акылбек Жамангулов да көтөрүп чыккан.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Бишкектин түштүк аймагындагы "республикалык административдик-маданий-иш борбору курулат" деп айтылган 187 гектар жердин чоо-жайын иликтеген эле. Анда ал жер 22 гектарга кыскарганы аныкталган. Калганы мэриянын чечими менен жеке жактарга ижарага берилип кеткен. Салыштырмалуу аз акчага жер алгандардын арасында “Ихлас” компаниясы да бар болчу. (TSh)

Борбордогу “майлуу” жерлер кимдики?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

XS
SM
MD
LG