Өкмөттүк аппараттын маалыматы боюнча, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-майда Чүй облусун кыдырат. Сапар учурунда ал азыр оңдолуп жаткан Бишкек - Кара-Балта жолунун курулуш сапаты менен таанышат. Мындан тышкары бир катар социалдык мекемелердин курулуштары, аймактагы көлмөлөрдүн, дыйканчылык жана балык чарбаларынын ишинен кабар алат.
Бишкек - Кара-Балта жолу Бишкек-Ош жана Бишкек - Ташкент стратегиялык жолдорунун бир бөлүгүнө кирет. (ZKo)