Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Автоунааларды милдеттүү техникалык кароо киргизилиши мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева парламентте автоунааларды каттоонун мөөнөтү, баасы боюнча мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда билдирди:

- Азыр Экономика министрлиги менен кошо жумушчу топ түзүп, ошону иштеп чыгып атабыз, "автоунаалар техникалык кароодон өтсүн" деп. Машиненин жылына жараша үч жылда бир жолу кылабыз.

Буга чейин айрым депутаттар абанын булганышын токтотуш үчүн автоунааларга техникалык кароону тез арада киргизүүнү сунуш кылган. Эл өкүлдөрү автоунаалардын сапаты начар экенин белгилеп, өкмөттөн техникалык кароону калыбына келтирүүнү талап кылышкан.

Кыргызстанда 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган. Акыркы жылдары Бишкек шаарындагы абанын булганышы көп талкуу жаратууда. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы борбор шаардагы автоунаалардын көпчүлүгү атмосферага зыяндуу калдыктарды нормадан ашык бөлөөрүн маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG